Жол кырсыгына кабылган үч аскер кызматкеринин бири каза болду

Иллюстрациялык сүрөт.

Ошто жол кырсыгына кабылган үч аскер кызматкеринин бири каза болду. Бул тууралуу бүгүн 9-ноябрда “Азаттыкка” Коргоо министрлигинен билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, каза болгон 22 жаштагы адам машинаны айдап бараткан болчу. Жараат алгандардын бири Ош облустук ооруканасында, экинчиси Оштогу аскер госпиталында дарыланып жаташат.

Алар Баткендеги № 12545 аскер бөлүгүндө келишимдик негизде кызмат өтөп жаткандар экени белгилүү болду.

Социалдык түйүндөрдө тараган маалыматтарга караганда, кырсык 7-ноябрга караган түнү Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылында болгон, каза тапкан жигит эки кызматташы менен бирге Ош шаарына жөнөп баратып катуу ылдамдыкта жүк ташуучу машинаны сүзгөн.