Аба ырайы: айрым аймактарда жаан жаайт

8-ноябрда түнкүсүн Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 6…11;

Талас жергесинде түнкүсүн 1...6, күндүз 5…10;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 4…9, күндүз 8…13;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 7...12;

Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 7…12;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0…-5,, күндүз 4...9.

​Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Эртең менен жана күндүз жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7, күндүз 8…10 градус болот.

Дагы караңыз

Өзбек чек арачылары кармап кеткен өспүрүм Кыргызстанга кайтарылдыЛуганскиде жарылууда орусиялык депутат каза болдуОрусияда кармалган журналисттин күйөөсү аны "саясий туткун” деп атадыОшто балдарын сабаганы тартылган видеодогу аял камалды