Аэропортко бараткан жолдогу автожарыш боюнча 12 киши кармалды

Видеодон алынган сүрөт.

Бишкектен "Манас" эл аралык аэропортуна бараткан жолдо, Манас айылындагы автожарышка байланыштуу 12 киши кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан "Азаттыкка" ырастады. Маалыматка караганда, айдоочуларга 15 миңден айып пул салынып, машинелери айып жайына киргизилди.

Кармалгандардын арасында милицияга баш бербей, кызматтык автоунааларга таш ыргыткан адамдар дагы бар. Бул факты боюнча Сокулук райондук милициясы Кылмыш-жаза кодексинин "Бейбаштык" беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоду. Анын алкагында бул ишке катышы бар делген адамдар аныкталып, сурак беришти. Тергөө иштери уланууда.

5-ноябрда автоунаа жарышына келгендер жол тосуп алып, милиция кызматкерлеринин талаптарын аткарбай, ортодо жаңжал чыкканы тартылган видео социалдык тармактарга тараган. (КЕ)

Дагы караңыз

АКШ: Демократтар Украина эске алынбай, Израилге жардам берүү каралган долбоорду четке какты15 жаштагы Адам Кадыров кезектеги орден менен сыйландыБишкек кайрадан абасы эң булганган шаарлардын катарына кирдиГутерриш Газа тилкеси "балдар көрүстөнүнө айланганын" билдирди