Орусияда 100 өзбекстандыктын паспортун тартып алып, акысыз иштөөгө мажбурлашкан

Орусиядагы мигранттар. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда 100дөн ашуун өзбекстандыктын паспортун тартып алып, акысыз иштөөгө мажбурлашкан.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин алдындагы "Дунё" маалымат агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, Өзбекстандын Екатеринбургдагы башкы консулдугу Чет жактагы эмгек миграциясы агенттиги менен биргеликте Урал федералдык аймагында күчтөп иштетилген жарандардын мекенине кайтуусуна көмөктөшкөн.

Өзбекстандын бир нече жараны Екатеринбургдагы консулдукка кайрылып, Свердлов облусундагы канаттуулар фабрикасынын жетекчилигине каршы арызданышкан. Алар документтерин тарттырып жиберишкенин, эмгеги үчүн арзыбаган тыйын алышарын айтышкан.

Өзбек жарандары канатуулар фабрикасына мыйзамсыз алып келингени аныкталган. Ишкананын жетекчилиги менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин 53 өзбекстандыктын паспорту кайтарылган.

Калган жарандар Орусиянын башка аймактарында мыйзамдуу жол менен иштөө үчүн калышты.

Дагы караңыз

Евробиримдик, Британия жана АКШ орус күчтөрүнүн грузиялык жай тургунду атып өлтүрүшүн айыпташтыБишкек: Тротуар жаңылоо ишинин сапаты текшерилдиКазакстан: шахтада набыт болгон 46-кенчинин сөөгүнүн калдыктары табылды