Дагестанда ички иштер министринин орун басары кармалды

Руфат Исмаилов.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы Дагестан жумуриятынын ички иштер министринин орун басары, тергөө башкармалыгынын жетекчиси Руфат Исмаиловду кармады. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.

РИА Новости агенттиги өз булактарына таянып жазгандай, Исмаилов пара алууга шек саналууда. Бул тууралуу Mash Телеграм-каналы дагы кабарлады. Учурда аткаминердин үйүндө жана иш кеңсесинде тинтүү иштери жүрүүдө.

"Дагестандын жаштары" басылмасы тартип коргоо органдарындагы булактарына таянып, тинтүүлөр бир катар жогорку даражалуу полиция кызматкерлеринин үйлөрүндө дагы жүргүзүлгөнүн жазды.

Дагестан аэропортунда жакында эле болгон жөөттөргө каршы башаламандыкта 200дөн көп киши кармалган.

Дагы караңыз

Украин генералы Залужныйдын жардамчысы колунда жарылган белектен мүрт кеттиМилиция өспүрүмдөр арасында кооптуу оюн жайылып жатканын билдирди “Медиа Полиси” уюму Kaktus.media басылмасына каршы арыздын өзү мыйзамсыз экенин белгиледи

Руфат Исмаилов Дагестандын ички иштер министринин орун басарлыгына 2019-жылы дайындалган. Буга чейин ал Дербент шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчи орун басары болуп иштеген.