Мамлекеттик ишмер Абсамат Масалиевдин 90 жылдыгы белгиленди

Бүгүн 7-ноябрда Бишкекте Кыргыз Республикасынын Баатыры, мамлекеттик жана саясий ишмер Абсамат Масалиевдин 90 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйын өттү. Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын чоң залында өткөн эскерүү иш-чарасына өлкө президенти Садыр Жапаров, парламенттин, өкмөттүн, коомчулуктун өкүлдөрү, маркумдун жакындары катышты.

Өз сөзүндө Жапаров жөнөкөйлүгү, мекенчилдиги менен таанымал Абсамат Масалиевдин ишмердиги кайра куруу дооруна туш келип, кийин совет бийлиги кулагандан кийин Кыргызстан эгемендигин алып, менчиктештирүү башталганда ал эл кызыкчылыгын эске алууга катуу үндөгөнүн, анын тушунда кыргыз тили мамлекеттик тил катары бекитилген атайын мыйзамдын кабыл алынышы тарыхый мааниси бар окуя болгондугун белгиледи.

Масалиев Кыргызстанды 1985-1991-жылдары башкарып, Кыргыз ССРинин Компартиясынын Борбордук комитетинин биринчи секретары кызматын аркалаган. Ал 1933-жылы Кадамжайдын Алыш кыштагында туулуп, 2004-жылдын 31-июлунда Бишкекте көз жумган.

2014-жылы Ош шаарындагы Масалиевдин ысымын алып жүргөн проспектте анын эстелиги ачылган. (RK)