Орусиялык белгилүү бизнес-блогерге ири өлчөмдөгү алдамчылыкка байланыштуу айып коюлду. Москва шаарынын прокуратурасы ал шериктери менен бирге жасаган алдамчылыктын сегиз фактысына шек саналып жатканын билдирди. Көзөмөлдөөчү органдын ырасташынча, Шабутдинов күнөөсүн мойнуна алган эмес.
Тергөө материалдарына ылайык, блогер өзүнүн курстарынын, тренингдеринин жардамы менен ийгиликтүү иш баштап, тез эле кирешеге туйтунары тууралуу жарандарга атайлап жалган элес калтырган. Ага ишенген сегиз адам блогердин компаниясы менен 100 миңден дээрлик 2 миллион рублге чейинки акчага келишим түзгөн.
Шабутдинов Москвада алдамчылыкка шек саналып кармалганын 3-ноябрда бир катар маалымат каражаттары жазып чыккан. ТАСС агенттиги анын үйү тинтилгенин билдирген. "Осторожно, новости" басылмасы блогер Москвага Австриядан келери менен кармалганын маалымдаган.
Шабутдинов – Орусияда бизнес-тренингдерди өткөрүү менен алектенген ири борбордун ээси. Ал ошондой эле мотивация берүүчү лекцияларды окуп, тез байып кетүүнүн "жолдорун" сунуштаган курстарды сатат. Анын Инстаграмдагы аудиториясы 2 миллиондой кишини түзөт.
Шабутдинов кылмыш иши козголгон алгачкы блогер эмес. 2023-жылы Валерия Чекалина (Лерчек), Александр Митрошин, Елена Блиновская сыяктуу инфлюенсерлерге салык төлөбөгөнү үчүн айып тагылган.
Дагы караңыз
Бала бакчада тамакты өкмөт эсебинен берүү мыйзам долбоору даярдалды Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Киевге келди NBC News: Батыш Украина-Орусия тынчтык сүйлөшүүлөрүн талкуулап жатат Президент тышкы карызды төлөөнүн туу чокусу 2024-жыл болорун эскертти Садыр Жапаров Кыргызстанда коррупциянын 90% жоюлганын айтты Непалда катуу жер титирөөдө 100дөн ашык адам мерт болду Акылбек Жапаров БУУнун өкүлү менен Бишкектеги ыш көйгөйүн талкууладыБоом капчыгайындагы жолдо каттамга убактылуу чектөө киргизилетНетаньяху Газада ок атышууну токтото туруу сунушун четке какты Ниязбеков сот кайтарган иштерге байланыштуу чара көрүлөрүн эскертти