Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Израилдин өз жарандарына Түндүк Кавказдан чыгып кетүү кеңешин “Орусияга каршы” кадам деп атады.
2-ноябрдагы күндөлүк брифингде ал Тель-Авивдин ал регионго баруудан кармануу жөнүндө эскертүүсүнүн “реалдуулукка байланышы жок” деп билдирди.
Өткөн жекшембиде миңге чукул киши антисемиттик ураан чакырып, Тель-Авивден келчү учакты утурлай Махачкаланын аэропортун басып алган. Алар учуп келген жүргүнчүлөрдүн документтерин текшере баштаган.
Антисемиттик тополоңго байланыштуу кылмыш иш козголгон. 31-октябрда Орусиянын Ички иштер министрлигинин башкармалыгы 83 кишинин кармалганын, 50 жерде тинтүү жүргөнүн билдирди. Соңку маалыматтарга ылайык, 15 киши майда бейбаштык айыбы менен 10 суткага камалды.
Буга чейин Захарова "Махачкаладагы окуяларды сырттан пландап, Киев режими негизги ролду ойногон" деп айткан. Андан кийин Орусиянын президенти Владимир Путин ал тополоңго «Батыштын тыңчылары аркылуу Украинанын аймагынан шыкак беришкен» деп билдирген.
Украинанын Тышкы иштер министрлиги Москванын дооматын күнөөнү өзүнөн башкага оодаруу аракети деп атады. Ал эми Вашингтондун өкүлү айыптоолорду “абсурд” деп сыпаттаган.