Депортациядан качкан миңдеген ооган бозгуну Пакистандан үйлөрүнө кайтууда. 3-октябрда Пакистандын Ички иштер министрлиги тиешелүү уруксат кагаздары жок бозгундардын баары 28 күндүн ичинде, 1-ноябрга чейин өлкөдөн чыгып кетүүгө тийиш деп билдирген.
Ал өлкөдө болжол менен бир миллион ооган мыйзамсыз жүрөт. Алардын көбү 2021-жылы “Талибан” бийликти басып алганда качкандар.
Расмий статистикага ылайык, тиешелүү эскертүү берилгенден бери 160 миңден көп ооган жараны Пакистандан чыгып кетти.
Пакистандын полициясы оогандыктарды кармап, мекенине депортациялап жатканы кабарланууда. Карачи шаарында 2-ноябрда 100дөн ашуун, Кветтада 425 оогандык кармалды.
Мигранттарды күчтөп чыгаруу, аларды куугунтуктоо БУУнун, эл аралык укук коргоочу уюмдардын, Ооганстанды башкарган “Талибандын” катуу сынына кабылды.
Исламабад депортация өлкөнүн коопсуздугун камсыздоо максатында жүргөнүн билдирген. Соңку кезде көбөйгөн кол салуулар үчүн Пакистан бийлиги Ооганстан тарапта иш алып барган согушкерлерди айыптоодо.
Ооганстандын Исламабаддагы элчилиги бул кадам эки коңшунун мамилелерине залака тийгизет деп эсептейт.