Кызылчага каршы эмдөөдөн баш тарткандар 16 миңге жетти, үч бала чарчап калды

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда баласын кызылча (корь) оорусуна каршы эмдетүүдөн баш тарткан ата-энелер 16 миңге жеткенин бүгүн 2-ноябрда Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Министрдин сөзүнө караганда, вакцина жана дары жетиштүү, бирок эмделбегендер көп, чарчап калган балдар дагы эмделген эмес:

“Дары-дармек бар. Бирок тоскоолдук болуп жатат. 16 миң ата-эне баласын эмдетүүдөн баш тартты. Ооругандардын 95% эмделбегендер. Каза болгондор да прививка албагандар. Муфтият менен чогуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Бирок абдан кыйын болууда. Себеби ата-эне балдарын эмдөөгө жөнөтпөй жатат”.

Иммунопрофилактика боюнча республикалык борбордун расмий маалыматына караганда, быйыл кызылчадан үч бала чарчап калды. Алар бир, төрт жаштагы эки наристе жана 13 жаштагы бир өспүрүм. Үчөө тең эмделген эмес балдар болчу.

Жыл башынан бери бул илдетке чалдыккандар 3,5 миңге чукулдады, алардын көбү 4 жашка чейинки балдар. Бейтаптардын эң көбү Бишкекте, Ошто, Чүйдө жана Жалал-Абадда.

Бүгүнкү күндө Жалал-Абадда эки мектеп ушул оорунун айынан убактылуу жабык турат.

Оорунун жайылышын таптакыр токтотуу үчүн эмделгендер 95% камтылышы зарыл, бүгүнкү күндө бул көрсөткүч 76% түзүүдө.

Кызылча аба аркылуу тараган өтө жугуштуу жана оор илдет. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бул оорудан жыл сайын жүз миңдеген адам каза болуп жатканын, алардын көбү беш жашка чыга элек наристелер экенин айтып келет.

Кыргызстанда бул оорудан сактануу мүмкүнчүлүгү бар. Ал үчүн бала тийиштүү вакцинаны бир жана алты жашка чыкканда калтырбай алышы шарт.

2017-жылдын декабрынан тарта кызылча оорусу Кыргызстанда көп каттала баштап, жылына эки-үч миңге чейин жетип жаткан. 2021-жылы үч, 2022-жылы бир бейтап катталган. (RK)