Депутат мамлекет жетим балдардын турак жай маселесин толук чечпей жатканын айтты

Иллюстрациялык сүрөт.

Балдар үйүндө же интернатта тарбияланган балдарды кийин өз турак жайы менен камсыз кылуу милдетин мамлекет толук аткарбай жатканын бүгүн 2-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Нилуфар Алимжанова айтып чыкты:

“Жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар мекемелеринин бүтүрүүчүлөрү дуушар болуучу орчундуу маселелердин бири ушул турак жай жана жер аянты менен камсыз кылуу эсептелет. Бүгүнкү күндө мамлекет алардын турак жай маселесин чечүүгө толук көңүл бурбай жатат. Интернат тибиндеги мекемелердин бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик турак жай программаларына иш жүзүндө жетүүгө мүмкүнчүлүгү жок калууда”.

Расмий маалыматка караганда, быйыл тогуз айда турак жай алуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында каттоодо турган балдардын саны 516, турак жай менен камсыз болгондор 71 болду. Жер участогун алууга кезекте тургандар 894, алгандар 146 болду.

Кыргызстандын “Балдар кодексине” ылайык, жетим балдар 16 жашка чыкканда үй менен кезексиз камсыз болууга укуктуу. Бирок мындай укугун балдар үйлөрүнүн жана интернаттардын бүтүрүүчүлөрүнүн 5% гана билерин 2021-жылы жүргүзүлгөн сурамжылоо көрсөткөн.

Өлкөдө 138 интернат, балдар үйлөрүндө 12 миңдей бала тарбияланууда. Жыл сайын мындай мекемелерден 400-500дөй бүтүрүүчү чыгат. (RK)