Кыргызстандагы бир катар жаштар уюмдарынын өкүлдөрү бүгүн 1-ноябрда АКИpress маалымат агенттигинде пресс-конференция уюштуруп, Жогорку Кеңешке “чет элдик өкүл” мыйзамын кабыл албоо, сунушталып жаткан долбоорду кайра чакыртып алуу тууралуу кайрылуу жолдошту.
“IDEA Борбор Азия” уюмунун аткаруучу директору Айзат Русланова өлкө калкынын 34% жаштар түзөрүн, жаштардын бейөкмөт уюмдары мамлекеттин жаштар саясатын ишке ашырууга жардам берип келатышканын айтты.
«Жаш саясатчы мектеби» долбоорунун координатору Данияр Сүйүндүк уулу депутаттар сунуштап жаткан мыйзам жаштардын бейөкмөт уюмдарынын ишмердүүлүгүнө гана эмес, жалпы эле жаштарга терс таасирин тийгизерин, себеби алар менен ушул сыяктуу уюмдар гана кызматташарын, негизги багыттарынын бири мамлекеттик органдардын жана жалпы эле өлкөнүн ишине активдүү катышууга үгүт жүргүзүү экенин белгиледи.
Ал эми «Жаштарды өнүктүрүү институту» коомдук фондунун аткаруучу директору Мадина Саркулова бул мыйзам кабыл алынса жаштардын билим алуу мүмкүнчүлүгүн чектеп коерун, жаштар уюмдары өзүнүн ишин уюштура албай каларын кошумчалады.
25-октябрда “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамына жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынды.
Коомчулукта “чет элдик өкүл” деген атка конгон бул мыйзамды депутат Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын айрымдары авторлуктан баш тартып, 20сы калган.
Надира Нарматова "бейөкмөт уюмдардын ишине тыюу салган, сөз эркиндигине шек келтирген, демократияга каршы багытталган эч нерсе жок" экенин айткан. Ал көрсөтүлгөн талаптарга каршы иш жасаган болсо 50-100 миң айыппул төлөө, 5 жылга чейин эркинен ажыратуу, “туура эмес иштерди дагы эле жасаган болсо” 100-200 миң айыппул салуу, 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы сунуш кылынып жатканын билдирген.
Көз каранды эмес талдоочулар бул мыйзам Орусиянын “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын белгилешкен.
Эл аралык уюмдардан каржылануучу бейөкмөт уюмдарды расмий түрдө “чет өлкөлүк өкүл” деп атап, аларга кошумча көзөмөлдү күчөтөт, демократияны чектейт деп бул демилгени жергиликтүү жана эл аралык укук коргоо уюмдары кескин сындап жатышат. Алар бейөкмөт уюмдар ансыз да мамлекеттик органдарга бардык тийиштүү отчетун берип турарын, ишинин ачыктыгы толук камсыздалганын билдирип келишет.
Нарматова Юстиция министрлигине таянып билдиргенине караганда, Кыргызстанда 29 100 ар түрдүү коммерциялык эмес уюм каттоодон өткөн. (RK)