IPHR Макронду Казакстан, Өзбекстандагы адам укуктары жөнүндө маселе көтөрүүгө чакырды

Франция жана Казакстан президенттери. Париж, 29-ноябрь, 2022-жыл

Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (International Partnership for Human Rights - IPHR) уюму Франциянын президенти Эммануэл Макронду Казакстан жана Өзбекстандагы сапарлары учурунда адам укуктары темасын козгоого чакырды.

Кеңсеси Брюсселде жайгашкан IPHR 31-октябрда билдиргендей, Макронго жолдонгон ачык катта Казакстанда кандуу Январь окуялары маалындагы укук бузууларга баргандар жазасыз калганы, былтыр Каракалпакстанда болгон нааразылык акцияларынан кийин жергиликтүү активисттердин, журналисттердин, блогерлердин куугунтукталышы, негизги эркиндиктердин бузулушу тууралуу айтылат. Уюм мунун бардыгы казак жана өзбек бийликтеринин “саясий реформаларга байланышкан риторикасына каршы келерин” белгиледи.

Макрон Казакстанга расмий сапар менен 1-ноябрда барат, андан кийинки күнү Өзбекстанда болмокчу.

France Info телеканалы маалымдагандай, француз мамлекет башчысы: “Франция бул эки өлкөдөгү реформа жүргүзүү жана модернизациялоо аракеттерин колдоого даяр. Экономикалык, асыресе энергетика, транспорт инфраструктурасы, саламаттыкты сактоо, азык-түлүк коопсуздугу, коргонуу тармагында жакындашуу жүрүүдө,” - деп билдирди.

Президенттин казак жана өзбек лидерлери менен кездешүүсүндө адам укуктарынын абалы талкууланабы же жокпу Елисей сарайынын билдирүүсүндө айтылган жок.

Казакстандык активисттер Макрондун сапарынын алдында казак бийлигинин басымы күчөгөнүн айтышууда.