Бишкек: 1-ноябрдан тартып автобус-троллейбуста накталай жол кире 25 сом болот

Иллюстрациялык сүрөт.

1-ноябрдан тартып Бишкекте муниципалдык автобус-троллейбуста жол кире накталай төлөнсө 25 сомдон болот. Бул тууралуу 31-октябрда «Азаттыкка» вице-мэр Максат Сазыкулов билдирди.

Сазыкуловдун айтымында, мындай пилоттук долбоордун негизги максаты – жол кире төлөөнү толук бойдон электрондук ыкмага өткөрүү, жүргүнчүлөрдү ошого көндүрүү, себеби азыр накталай 11 сом төлөнгөндө акча бюджетке түшүүсүн көзөмөлдөө оор болууда:

«Ал акча айдоочунун чөнтөгүндө калат. Ошондо жүргүнчү мамлекетти да, өзүн да алдаган болот. Айдоочу болсо чөнтөгүнө салат да, ошо бойдон кетет. “25 сом төлөбө накталай, андан көрө 11 сом накталай эмес төлө!” деген ураан менен элдин баарын накталай эмес төлөм системасына өткөрө турган ыкманын бири болууда. 1-ноябрдан тартып накталай төлөйм дегендерге карта сатып алуу же тиркеме аркылуу 11 сом төлөө сунуш кылынат”.

Вице-мэрдин айтымында, 1-ноябрдан баштап ар бир автобус-троллейбуста картасы жок жүргүнчүлөр айдоочудан билет сатып алышы керек болот. Бир билеттин баасы 25 сом.

Ал эми картасы барлардын жол киреси азыркыдай эле 11 сомдон айланат. “Тулпар” картасын 50 сомго сатып алып, каалаган суммада акча жүктөп, ошондон жол акысын 11 сомдон төлөп жүрө берсе болот.

Жол кире маселесин жөнгө салуу боюнча мэриянын эки сунушу шаардык кеңешке жөнөтүлгөн, алар боюнча азырынча чечим кабыл алына элек. Ошондуктан накталай жол кирени 25 сом кылуу долбоору пилоттук негизде ишке ашырылмай болууда.

Бишкекте коомдук транспорт маселеси негизги көйгөйлөрдүн бири. Быйыл муниципалдык автобус көбөйтүлүп, чоң жолдордо атайын тилке ачылды.

Мэр Эмилбек Абдыкадыров 2-сентябрда журналисттерге маалымат берип жатып «Бара-бара тартип болот. Автобус менен 15 мүнөттө жете турган жерге жеке машина менен жетүү 30 мүнөттү ала тургандай система түзөбүз. Эл туура түшүнүп, көнүп кетет деп үмүттөнөм» деп айткан.

Азыркы тапта Бишкекте автобус-троллейбустун жол киреси накталай да, "Тулпар" картасы менен да 11 сомду түзүүдө. (RK)