Кытайдын "Шэньчжоу-16" космос кемеси шейшембиде Ички Монголия автономдуу аймагындагы Гоби чөлүнө ийгиликтүү конду. Анын бортунда үч кишиден турган экипаж бар болчу. Жерге кеменин командири Цзин Хайпэн, тайконавттар (космонавттар) Гуй Хайчао жана Чжу Янчжу кайтып келишти. Алар "Тяньгун" орбиталдык станциясына май айында барган.
Кытайдын улуттук станциясында эми үч кишиден куралган "Шэньчжоу-17" миссиясы иштеп жатат. Алар 26-октбярда ааламга жөнөгөн. Болжол менен бул экипаж дагы станцияда беш ай болмокчу. Бир катар илимий эксперимент, сыноолорду жургузмөкчү.
400 километр бийиктикте жайгашкан Кытайдын станциясы үч кишиге ыңгайлаштырылган.
Дагы караңыз
Израил ХАМАС менен Газа шаарынын айланасында согушканын билдирдиИшкер Токтобүбү Оргалча алдамчылыкка шек саналып кармалып, үй камагына чыкты