ИИМ министрликтердин биринин кызматкерин маңзат жасоого шек санап кармады

Баңгизат жасоого шектелип кармалган адам. ИИМ тараткан сүрөт.

Кыргызстандын министрликтеринин биринин жетектөөчү адиси (Ч.М.Т.) баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш кызматынын кызматкерлери 34 жаштагы жаранды Бишкек шаарынын Манас проспектисинде жайгашкан турак үйдүн короосунан кармашкан. Кармоо учурунда ал тоголоктошкон формадагы кочкул жашыл заттарды жерге ыргытууга аракет кылган. Операцияда жүргөн "Гектар" аттуу кызматтык ит 10 даана өлчөмдөгү баңги каражаттарын таап чыккан.

Алынган буюмдардын жалпы саны 18 даана болду. Жүргүзүлгөн экспертизага ылайык, алынган баңгизаттар кара куурайдын "гашиш" чайыры экени аныкталган. Кармалган жарандан алынган баңгизаттар “Ооган чарсы” деп аталат.

Тергөө учурунда шектүү соттун чечимине ылайык Бишкектеги тергөө абагына киргизилди.

ИИМ ал кайсы министрликтин кызматкери экенин тактаган жок.

17-августта Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Бишкекте синтетикалык маңзат соодасына шек саналган беш милиция кызматкери кармалганын билдирген. Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүгү ("баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү"), 343-беренесинин 2-бөлүгү ("опузалап пара талап кылуу") жана 262-беренесинин 1-бөлүгү ("кылмыш чөйрөсүн түзүү)" беренелери менен кылмыш ишин козгогон. Кийин, 22-августта дагы ушул эле мекеменин үч кызматкери кармалган. Алардын баары тергөө аяктагыча камакка алынган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш кызматынын кызматкерлери маңзат соодасына шек саналып кармалганына байланыштуу кызматтык иликтөө жүргүзүп, соңунда 18 жетекчи тартип жазасына тартылган. (ErN)