Караколдо өспүрүмдүн сөөгү кудуктан табылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Караколдо 13 жаштагы баланын өлүмү иликтене баштаганын бүгүн 31-октябрда "Азаттыкка" Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, кечээ милицияга баланын апасы кайрылып, уулу мектепке кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын айткан. Маалымат электрондук журналга катталып, издөө иштери башталган.

Көп өтпөй жергиликтүү тургундардын бири өспүрүмдүн сөөгүн стадиондун жанынан, тереңдиги төрт метрлик кудуктан тапкан.

Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, териштирүү башталды.

Үч күн мурда Караколдо 9-класстын окуучусу өз өмүрүнө кол салганы кабарланган. (AKa)