Блогер Адилет Балтабай боюнча соттук отурум башка күнгө калды

Адилет Балтабай. Архивдик сүрөт.

Адилет Балтабай деген ат менен таанымал блогер жана жарандык активист Адилет Али Мыктыбек боюнча Чүй облусунун Сокулук райондук сотунда бүгүн 31-октябрга белгиленген отурум болгон жок. Буга активист ооруканага жатып калганы себеп болду. Кийинки отурум 3-ноябрга белгиленди.

Сокулук сотуна Пробация кызматы кайрылып, Адилет Балтабайга байланыштуу чечимди жокко чыгарууну суранган жана мындай өтүнүчүн ал пробация эрежелерин бузганы менен негиздеген.

10-октябрда активист Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) бир нече саат суракта болгонун, Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобу менен байланышы бар же жогу тууралуу суроолорду беришкенин айтып берген. УКМК бул боюнча азырынча маалымат бере элек.

Бийликти сындаган акцияларды түз эфирде чагылдырып жүргөн блогер 13-январда Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткандарды бошотуу талабы коюлган митингге катышкандан кийин кармалып, №27 абакка камакка алынган. Апрелде эркиндикке чыгарылган.

Ага чейин былтыр жарым жылдай камакта отуруп, 11-ноябрда Биринчи Май райондук сотунда "Жапырт башаламандык" беренесинин негизинде күнөөлүү деп табылган. Пробациялык көзөмөл өкүмү менен сот залынан бошотулган. (RK)