АКШ Кыргызстанда бала бакча тутумун жакшыртууга 3 млн доллар бөлүүдө

Долбоордун бет ачарына билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жана АКШ элчиси Элчи Лессли Вигери катышты.

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) Кыргызстанда мектепке чейинки тарбиялоо системасын жакшыртууга 3 миллион доллар бөлүүдө. Балдарга кам көрүү аркылуу аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган долбоордун ачылышы 30-октябрда Бишкекте өттү.

Билим берүү жана илим министрлиги Ага Хан фонду менен бирге ишке ашыра турган долбоор алкагында ишкер аялдарга балдарды өнүктүрүү борборлорун ачууга мүмкүнчүлүк түзүлөт, үч жыл аралыгында 100дөн ашуун мектепке чейинки тарбиялоо борборуна колдоо көрсөтүлүп, 700дөй тарбиячы жана мугалим үчүн окуу уюштурулат.

Кыргызстанда, айрыкча борбор калаа Бишкекте жана ири шаарларда бала бакча жетишсиздиги курч социалдык көйгөйлөрдүн бири. Мамлекет жыл сайын жаңы бакчаларды ачууга аракет кылууда, бирок алар маселени толук чече элек. Мектепке чейинки курактагы ар бир төрт баланын биринде гана бала бакчага баруу мүмкүнчүлүгү бар экени буга чейин айтылган.

Соңку кезде өкмөт жеке менчик бала бакча ачууну каалагандарга колдоо көрсөтө баштады. (RK)