Мамлекеттик ипотека: KFW аркылуу 1,5 миңдей насыя берилди, өтүнмө кабыл алуу убактылуу токтоду

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда Германия каржылаган мамлекеттик ипотека программасы аркылуу соңку эки айда былтыркы бир жылга салыштырганда 4,5 эсе көп насыя берилгенин, жаңы өтүнмөлөрдү кабыл алуу убактылуу токтогонун бүгүн 30-октябрда Мамлекеттик ипотека компаниясынан билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, Германия өнүктүрүү банкы каржыланган «Кыргыз Республикасында турак жайды каржылоо» (KFW) программасынын үчүнчү фазасы боюнча быйыл сентябрь, октябрь айларында 1 млрд 350 млн сомдон ашык суммага 670 ипотекалык насыя берилди.

Бул былтыр бир жыл ичинде берилген насыялардан 4,5 эсе көп.

Үчүнчү фаза быйыл 21-августта башталган.

Программа 2020-жылы ишке ашырыла баштаган, ошондон берки үч фаза алкагында жалпысынан 2,3 млрд сомго 1 445 насыя берилди.

KFW программасы боюнча жаңы өтүнмөлөрдү кабыл алуу чектелүү каражаттан улам 11-октябрда токтогону, каржылоо келерки жылы улантылары маалымдалды.

Кыргызстанда мамлекеттик ипотека системасы 2015-жылы иштей баштаган. (RK)