"Кыргыз гидромет борбору" билдиргендей, 31-октябрда эртең менен жана күндүз жана 1-2-ноябрь күндөрү Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. 31-октябрда эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши ыктымал.
31-октябрда өлкө аймагында түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондорунда кар, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 7…12;
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 6…11;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 7…12;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9…14, күндүзү 14…19;
Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 2…7, күндүз 10…15;
Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -1…+4, күндүз 9…14;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3…-8, күндүз -2…+3.
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз жаан жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы 9…11°, күндүз 10…12° градус болот.
Дагы караңыз
Иранда хижаб үчүн кармалган Армита Гераванддын "мээси өлгөнү" кабарландыМахачкаланын аэропортундагы тополоңдон кийин 60 киши кармалдыТогуз айда казинодон дээрлик 59 миллион сом салык түштүКыргыз-казак чек арасындагы тыгында үч жүздөн ашуун машина турат