Махачкаланын аэропортундагы тополоңдон кийин 60 киши кармалды

Махачкала аэропорту. 29-октябрь 2023-жыл

Дагестандын Саламаттыкты сактоо министрлиги Махачкаланын аэропортунда болгон тополоңдо 20дан ашуун киши жабыркаганын, ону олуттуу жараат алганын, экөө оор абалда жатканын маалымдады. Бери дегенде тогуз тартип коргоочу жарадар болду, экөө ооруканага жеткирилген.

«Свобода» радиосу жазганына караганда, орус ички иштер министрлигинин регионалдык башкармалыгы «баш аламандыктын 15 активдүү катышуучусу аныкталды», 60ы кармалды деп билдирди.

Түндүк Кавказдагы жумурияттын башчысы Сергей Меликов жекшемби күнкү окуяларга байланыштуу кылмыш иш козголгонун, айыптуулар жазаланарын билдирди. Аткаминер нааразылык акциясына «чет жактардан, анын ичинде украиначыл телеграм-каналдардын кырдаалды дестабилдештирүү аракети» түрткөнүн кошумчалады.

29-октябрда миңге чукул киши антисемиттик ураандарды чакырып, Тел-Авивден учак келердин алдында Махачкаланын аэропортун басып алган. Чогулгандар Израилге нааразылыгын билдирип, жөөттөрдү аймактан кууп чыгууну талап кылышкан.

"База" басылмасынын билдиришинче, ал жерге ОМОН кызматкерлери келгени менен демонстранттарды токтото алган эмес. Тургундар аэропорттон чыгып жатканда жүргүнчүлөрдүн документтерин текшерүүгө аракет кылышкан. Жаалданган топ жөөттөрдү издөө үчүн ОМОНдун машиналарын дагы тинтишкенин "Сота" жазды.

Окуя болгон жерде тартылган видео жана сүрөттөр бийлик абалды көзөмөлдөбөгөнүн көрсөтүүдө. Кечки саат 9дар чамасында демонстранттар учуп-конуу тилкесине чыгып, учуп келген учакка кирүүгө аракет кылышкан. Видеодон ОМОНдун ок аткан үндөрү да угулган.

Анисемиттик акциялар дем алыштарда Түндүк Кавказдын башка жерлеринде да өткөн. Бийлик өкүлдөрү тополоңду “Орусиянын душмандары” уюштурганын айтууда.

Аймактын муфтийи жөөттөргө каршыакцияларды чагымчылдар тутантып жатат деп билдирди.