Караганды облусундагы Костенко атындагы шахтадагы кырсыкта каза тапкан 38 кишинин сөөгү табылды, дагы 8 кенчи изделип жатат. Өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар министрлиги издөө иштери шахтадагы талкаланган жабдуулардан жана урандыдан улам кыйын болуп жатканын билдирүүдө.
Костенко шахтасындагы 28-октябрга караган түнү жарылуу болгон. Кырсык учурунда жер астында 252 кенчи болгону, алардын 206сы өз алдынча жер бетине чыкканы кабарланган. Калгандары сыртка чыга албай калган.
Алдын ала маалымат боюнча, жарылууга көмүр казанынан чыккан өрт себеп болгон. Өлкөнүн Башкы прокуратурасы Кылмыш кодексинин “Тоо-кен же курулуш иштерин жүргүзүүдө коопсуздук эрежелерин бузуу” беренеси боюнча сотко чейинки тергөө амалдарын баштаганын кабарлаган.
Казакстанда 29-октябрь – жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.
Дагы караңыз
Зеленский Мальтадагы саммиттин катышуучуларына кайрылдыИзраилдин согуштук учактары Газадагы ири ооруканага чабуул жасадыКазакстандагы шахтада набыт болгондордун саны 21ге жетти