Карагандынын Костенко шахтасындагы кырсыктын курмандыктары 36 адамга жетти. Казакстандын өзгөчө кырдаалдар министрлиги таркаткан маалыматка ылайык, 29-октябрь саат 1:00гө карай жер алдынан 36 кишинин денеси табылган жана 29 киши тирүү чыгарылган. Дагы 10 кенчи изделип жатат.
Костенко шахтасындагы жарылуу 28-октябрга караган түнү болгон. Кырсык учурунда жер астында 252 шахтер болгону айтылууда. Анын 206сы өз алдынча жер бетине чыгышкан. Калгандары сыртка чыга албай калышкан.
Алдын ала маалымат боюнча, жарылууга көмүр казанынан чыккан өрт себеп болгон. Өлкөнүн Башкы прокуратурасы Кылмыш кодексинин “Тоо-кен же курулуш иштерин жүргүзүүдө коопсуздук эрежелерин бузуу” беренеси боюнча сотко чейинки тергөө амалдарын баштаганын кабарлаган.
Казакстанда 29-октябрь – жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды. Каза болгон 36 адамдын бешөөнүн аты-жөнү жарыяланды.
Кырсыкка байланыштуу кыргыз президенти Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге көңүл айтты.
Костенко шахтасын теги индиялык британ миллиардери Лакшми Митталга караштуу “Арселор Миттал Темиртау” компаниясы иштетет. “Азаттыктын” казак кызматы Казакстандын расмий маалыматтарга таянып компанияга таандык объектилерде соңку 15 жылда 120 ашуун адам каза болгонун жазууда.
Костенко атындагы шахтада 1400 ашуун кенчи иштеген. (KbA)