27 млн сомго шарпка жана кутурмага каршы вакцина сатылып алынат

Ылаңдаган мал. Иллюстрациялык сүрөт

Айыл чарба министрлигинин алдындагы Ветеринария кызматы шарп жана кутурмага каршы вакцина сатып алууну көздөөдө.

Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, шарпка каршы 787 878 доза вакцина, ал эми кутурмага каршы 45 455 доза сатып алынат.

Бул эки илдетке каршы вакцинаны сатып алууга министрликтин бюджетинен 26 млн 999 984 сом бөлүнөт.

Кыргызстанда акыркы убактарда кутурма илдети жайылганы кабарланган. Жаныбарлардан кишилерге жуккан учурлар катталган. Октябрь айынын башында Ошто 12 жаштагы бала кутурма оорусун жуктуруп алгандан кийин чарчап калган.

Кыргызстандагы эпизоотикалык абалга байланыштырып, Орусия, Казакстан эт-сүт азыктарын сатып алуудан баш тарткан учурлары бар.(ZKo)

Дагы караңыз

Казакстанда көмүр шахтасындагы өрттөн 11 адам набыт болдуАКШда демократ Дин Филлипс шайлоодо Байдендин ордуна чыгуу ниетин билдирдиТүркия: Айдыңдык жумурияттын 100 жылдыгы жана көйгөйлөрАвстралияда “табиятты коргоо үчүн” 15 миңдей жылкы жок кылынатWPS индекси: Кыргызстан - аялдар үчүн Борбор Азиядагы эң кооптуу өлкө