Австралияда “табиятты коргоо үчүн” 15 миңдей жылкы жок кылынат

Австралиядагы жылкы.

Австралиянын улуттук Костюшко паркында 15 миңден көп жапайы жылкы-брамбилер жок кылынат. Бийлик мындай кадамга табиятты коргоо үчүн барганын билдирди.

Маалыматка караганда, чечим коомчулук менен талкуудан кийин кабыл алынган. Жылкыларды үч жыл ичинде атып жок кылышат. Бул убакыт аралыгында 3 миңдей эле жаныбар калыш керек.

Брамбилердин санын азайтуу менен жоголуп бараткан башка жаныбарлардын алты түрүн жана өсүмдүктөрдүн эки түрүн сактап калуу мүмкүн. Бийликтин мындай кадамын жергиликтүү экологиялык топтор да кубатташканын The Guardian басылмасы жазды.

Ал эми Брамбилерди коргоо альянсы жылкыларды жок кылбай эле башка жакка айдап кетүү керек деп эсептейт.

Дагы караңыз

Green Card лотереясын кантип утса болот? АКШ элчилигинен кеңешСербия-Венгрия чегинде мигранттар атышканда үч киши мүрт кетти БУУ Газа тилкеси үзгүлтүксүз гумжардамга муктаж экенин билдирди