КМШнын абадан коргонуу системасы боюнча маселе каралды

Көз каранды эмес мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн биргелешкен абадан коргонуу системасын түзүүгө жана өнүктүрүүгө каражат бөлүү маселеси 26-октябрда Бишкекте уюмдун өкмөт башчыларынын кезектеги жыйынында каралды.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, премьер-министрлер бул тармакка 2024-жылга каражат бөлүү жана былтыркы жылы абадан коргонуунун биргелешкен системасын түзүүгө жана өнүктүрүүгө бөлүнгөн каражаттарды пайдалануу, коргоо министрлер кеңешинин алдындагы Абадан коргонуу маселеси боюнча координациялык комитеттин ишин камсыз кылуу жөнүндө документтерге кол коюшту.

Жалпысынан саммитте КМШ алкагында кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча 12 документке кол коюлду.

Алардын арасында келерки жылды уюм алкагында Ыктыярчылык кыймыл жылы деп өткөрүү планы, кадастрдык жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, отун-энергетика тармагын санариптик трансформациялоо, уран калдыктарын рекультивациялоо, тоо-кен металлургия, инновация тармагында кызматташуу тууралуу документтер бар.

Быйыл Кыргызстандын аймагында Орусиянын абадан коргонуу системасын жайгаштыруу чечими кабыл алынды. Бул учүн Канттан орус тарапка атайын жер тилкеси бөлүнүп берилди.

КМШнын курамына Кыргызстан, Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Молдова, Орусия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан кирет.

13-октябрда Бишкекте КМШ президенттеринин кезектеги саммитинде жыйырма чакты документ кабыл алынган. (RK)