Иранда хижабдан баш тарткан актрисаларга киного тартылууга тыюу салынды

Ирандык актриса Афсане Байеган.

Иранда хижаб кийүүдөн баш тарткан актрисаларга киного тартылууга тыюу салынды. Бул тууралу мамлекеттик IRNА телеканалына Кинематографияга көз салуу жана баа берүү башкармалыгынын жетекчи орун басары Хабиб Иль Беги билдирди.

Анын айтымында, буга чейин хижабсыз актрисалардын катышуусунда тартылган фильмдерге көп акча коротулгандыктан, алар эфирге чыга берет. Бирок жаңы фильмдерге бир гана хижабчан актрисалар тартыла аларын кошумчалады Беги. Ошондой эле хижаб кийбеген актрисалар менен кызматташкан продюсерлерге дагы эскертүү берилди.

Ирандын маданият министри Мухаммад Мехди Эсмаили хижаб кийүү мыйзам экенин белгиледи. Ал мыйзамды такай бузгандар менен иштөө мүмкүн эмес экенин буга чейин да бир нече ирет кайталаган.

Иранда аялдар бийликке радикал исламчыл көз караштагылар келген 1979-жылдан бери хижаб кийип жүрүүгө милдеттүү. 2023-жылдын сентябрь айында Иранда кабыл алынган мыйзамга ылайык, ислам динине ылайык кийинбегендерге он жылга чейин эркинен ажыратуу каралгшан. Ошондой эле мыйзамды бузган аялдарга балак уруу жана сегиз миң АКШ долларына чейин айып пул салуу каралган.

Мыйзам былтыр күздө 22 жаштагы Махса Амининин өлүмүнөн кийин тутанган нааразылык акцияларынан кийин кабыл алынды.

Өткөн жылдын сентябрында Иранда студент кыз Махса Амини полиция хижаб эрежесин бузган деп кармап кеткенден кийин каза тапкан. Ири нааразылык акцияларында 500дөн көп адам набыт болуп, он миңдеген адамдар кармалган.