ШКУ аймагында 2024-жыл "экология жылы" деп жарыяланат

Бүгүн 26-октябрда Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кезектеги жыйынынын жыйынтыгында 14 документке кол коюлду.

Алар көп тараптуу соода-экономикалык кызматташтык программасын жүзөгө ашыруу иш-чаралары боюнча баяндама, уюмдун ишин уюштуруу, бюджети жана каржылык эрежелери, уюмга мүчө өлкөлөрдүн темир жол мекемелеринин иш-чаралар планы, тышкы экономикалык жана тышкы соода ишмердигине жооптуу мекемелердин санариптик соода чөйрөсүндөгү кызматташуу келечегин изилдөө демилгеси боюнча документтер.

Мындан тышкары, келерки жылы “Экология жылын” өткөрүү боюнча иш-чаралар планы да каралды.

Бишкектеги жыйынга Беларустун премьер-министри Роман Головченко, Ирандын вице-президенти Мохаммад Мохбер, Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов, Кытайдын мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян, Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин, Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода, Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов, Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Хожамырат Гелдимырадов, Индиянын тышкы иштер министри Субраманьям Жайшанкар жана Пакистандын тышкы иштер министри Жалил Аббас Жилани катышууда.

ШКУну 2001-жылы Кытай, Орусия, Тажикстан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан терроризм, экстремизм, сепаратизм, наркотрафик менен күрөшүүчү уюм катары негиздеген.

2017-жылды Индия менен Пакистан уюмга толук кандуу мүчө катары кошулган. Иранды кошуп эсептегенде азыр ШКУга кирген мамлекеттердин саны тогузга жетти. Андан тышкары үч өлкө – Ооганстан, Беларус жана Монголия байкоочу макамына ээ. (BTo)