Токмок: ыдык көрсөтүүгө шектүүнүн өлүмү боюнча териштирүү жүрүп жатат

Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнүн тергөө изоляторунда кармалып турган шектүү өз жанын кыйды деген маалымат берди.

Мекеме “Азаттыкка” билдиргендей, 50 жаштагы шектүү 24-октябрда Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренесинин негизинде, жашы жете элек кызга сексуалдык ыдык көрсөтүүгө шек саналып кармалган.

Ошол күнү таңкы саат 4төр чамасы Токмок шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Саат "8:45 чамасында ал жалгыз калган камерада өз жанын кыйган".

Окуя боюнча териштирүү иштери жүрүп, 26-октябрда териштирүүдө чогултулган материалдар Чүй облустук милициясына жана облустук прокуратурага өттү. Милиция кызматкерлерине карата кызматтык териштирүү жүрүүдө.

Каза болгон адамдын жакындары, адвокаттары комментарий бере элек.

Дагы караңыз

Баткен окуясында курман болгондор эскерилдиБишкекте ШКУга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары жыйынга чогулдуШКУ: Жапаров үч өлкөнүн темир жол долбоору жөнүндө маселе көтөрдү ШКУ: Бишкек уюшкан кылмыштуулукка каршы борбор түзүүнү сунуштады