Бишкекте автобус эки кишини коюп кетип, бири каза болду

Бишкек шаарындагы автобустардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

24-октябрда Бишкекте №48 автобус эки адамды коюп кетип, бирөө каза болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаардык жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Исаев билдирди.

Окуя саат 14:30 чамасында болгон. Zhongnong үлгүсүндөгү автобус шаардын Жибек жолу менен Ала-Арча көчөлөрүнүн кесилишинде жөө өтмөктөн өтүп бараткан эки кишини сүзүп кеткен. Алардын бири 82 жаштагы Т.И. окуя болгон жерде өзүнө келбей каза болгон. 48 жаштагы тургун мээси чайкалып, Бишкек шаардык улуттук ооруканага жаткырылган.

Коомдук транспортто бараткан жүргүнчү да жараат алып, ооруканага кайрылган.

Автобус айып жайына токтотулуп, тергөө иштери жүрүүдө.

Улуттук статистика комитети билдиргендей, Кыргызстанда быйыл алты айда үч миңден ашуун автокырсык катталып, анын 820сында балдар жабыркаган.

Жол кырсыгынан жалпы 269 адам каза тапкан, анын 38и балдар.

Дагы караңыз

Муфтият ажыга барчуларды каттоо 9-ноябрда башталарын билдирди ЖКда чет жерде кулчулукка кабылган кыргызстандыктар маселеси айтылды Акыйкатчы: Кыргыз жаранынын Тажикстанга өткөрүлүшүнө жол берилген жокЖК Түрк инвестициялык фондун түзүү келишимин биринчи окууда жактырды