Индиянын космостук иликтөөлөр уюму (ISRO) 21-октябрда өлкөнүн түштүгүндөгү Шрихарикота аралында биринчи учкучсуз ракетаны сыноодон өткөрдү. Бул жолу авария учурунда астронавттарды эвакуациялоо системасы текшерилгенин билдирди.
Индия 2024-2025-жылдары "Гаганьян"деп аталган миссияны космоско жиберүүнүн үстүндө иштеп жатат. Үч астронавт түшкөн кеме Жерден 400 чакырым бийик көтөрүлүп, кайра кайтышы керек.
Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Нью-Делинин 2035-жылы орбитага космостук станцияны чыгаруу, ал эми 2040-жылы астронавтты Айга учуруу планы бардыгын жарыялаган.
Индиянын "Чандраян-3" деп аталган космостук аппараты 23-августта Айдын түштүк уюлуна конду. Муну менен Индия тарыхта түштүк уюлга жеткен алгачкы мамлекет болду. Буга чейин башка мамлекеттер учурган аппараттар Айдын экваторуна конуп келген.
29-августта «Прагьян» деп аталган Индиянын лунаходу Айдын кыртышынан алюминий, күкүрт, кальций, темир, хром жана титан бар экенин аныктаган.