23-октябрда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондорунда карга айланат. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу аймактарда кар түшөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндуз 10…15;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 10…15;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 15…20;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18;
Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 11…16.
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр.
Абанын температурасы түнкүсүн 7…9°, күндүз 13…15° жылуу болот.
Дагы караңыз
Сириядан дагы 21 аял, 62 бала Кыргызстанга кайтарылды Түркмөнстанда аялдарга айдоочулук күбөлүк берилбей жатат Израил ХАМАСка каршы чабуулун күчөтөрүн билдирдиТекстил жана тигүү өндүрүшүнүн көлөмү 11 млрд сомдон ашты