Кумтөрдөн быйыл тогуз айда дээрлик 20,5 млрд сом пайда түштү

Кумтөр алтыны.

Кумтөр алтын кенинен быйыл тогуз айда Кыргызстан 20 млрд 489 млн сом пайда көрдү. Бул тууралуу бүгүн 20-октябрда Жогорку Кеңеште “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ишеним” фракцияларынын жана “Мекенчил” депутаттык тобунун биргелешкен жыйынында келерки жылдын бюджети каралып жатканда каржы министри Алмаз Бакетаев билдирди.

Анын ичинен, министрдин айтымында, жыл башынан берки дүң киреше 7 млрд 317 млн сом болду.

132 млн сом (дүң кирешеден 4%) “Кумтөр” ишканасынын материалдык-сырье базасын өнүктүүүгө, 537 млн сом (дүң кирешеден 1%) Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна жана 322 млн сому (1%) Нарын облусун өнүктүрүү фондуна түштү.

2022-жылы Кумтөрдөн 34 млрд 751 млн сом түшкөнү, анын бир нече жылдан бери төлөнбөй келген дүң кирешеден 4% деген төлөмү 16 миллиард 849 миллион сом экени айтылды.

Канадалык “Центерра Голд” компаниясы менен бирге башкарып келген кенди Кыргызстан өз карамагына 2021-жылдын май айында алып, 2022-жылдын апрелинде “Кумтөр Голд Компанинин” 100% акциясы Кыргызстанга өткөн. Кыргызстан менен “Центерра Голд” доо арыздардан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге жетишкен.

Башкы прокуратура Кумтөр Кыргызстанга өткөндөн берки ишмердүүлүккө байланыштуу төрт кылмыш иши тергелип жатканын маалымдаган. (RK)