Көлбаев-Матраимовдун бажыга таасири кандай болгон?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргыз бийлиги криминалга каршы күрөштү улантып, ага катышы бар мамлекеттик кызматкерлерди тазалай баштаганын жарыялады. Ушул аптада кримтөбөл Камчы Көлбаев жана Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен байланышта болгон элүүгө жакын бажы кызматкери иштен бошотулду.

Кыргыз бийлиги криминалга каршы күрөштү улантып, эми ага катышы бар мамлекеттик кызматкерлерди тазалай баштаганын жарыялады. Ушул аптада кримтөбөл Камчы Көлбаев жана Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен байланышта болгон элүүгө жакын бажы кызматкери иштен бошотулду. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев болсо жакын арада ушул өнүттөгү иштер күчөтүлөрүн убада кылды. Ушул өнөктүктүн шары менен бир катар ишкерлер да камакка алынды. Криминал жана коррупциялашкан топтордун мамлекеттик органдар жана бизнестеги таасири канчалык? Учурдагы аракеттерден кандай майнап чыгат? “Эксперттер талдайт” берүүсүнүн бүгүнкү чыгарылышында криминал менен ишкерлердин, мамлекеттик кызматкерлердин байланышы талкууланды.