Репрессияны изилдеген тарыхчылар "тилемчидей" абалда экени айтылды

Жанарбек Акаев.

Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөгө зор салымын кошуп, репрессияга кабылгандарды актоо ишине бүгүнкү күндө өкмөттөн тийиштүү каражат бөлүнбөй турганы Жогорку Кеңеште айтылды. 19-октябрда парламенттин жалпы жыйынында “Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө” жана “Улуттук архив фонду жөнүндө” мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору талкууланып, биринчи окууда кабыл алынды.

Анын демилгечилеринин бири, депутат Жанарбек Акаев коңшу өлкөлөрдө бул багытта жүргүзүлүп жаткан иштерди мисал келтирип, каражат канчалык көп болсо, тарыхчыларга ошончолук жакшы шарт түзүлөрүн белгиледи:

“Казакстанда миллиондоп каражат бөлүнүп жатат. Тарыхчылары Грузияга, Кытайга, башка жактарга барып изилдеп жатышат. Биздин тарыхчыларга, тилекке каршы, саясий репрессияларды аныктоого жана изилдөөгө каражат жок азыр. Мындан каражат аябашыбыз керек. Каражат азыр жок. Ушул ишке башын сайып, өмүрүн арнап койгон тарыхчыларыбыз, орой айтканда, кайырчыдай, тилемчидей эле болуп калган. “Каражат берчи, мен Алматыга барат элем, башка жакка барат элем” деп. Болот Абдрахманов чыгарган 10 томдук китепти сатып алган кыргызстандыктар жок, бүт чет өлкөлүктөр биздин тарыхка таң калып, баа берген”.

Акаев “Ата-Бейит” улуттук тарыхый мемориалдык комплексинин азыркы абалына да көңүл буруу зарылдыгын кошумчалады.

Мыйзам долбоору 1918-1953-жылдардагы саясий репрессиянын бардык курмандыктарын реабилитациялоого багытталууда, ишти баштоо үчүн комиссия түзүү керек.

Акаев кошумчалагандай, болжолдуу 40 миңдей кыргызстандык репрессиянын курмандыгы болгон.

Сталиндик репрессия маалында жалпы СССР калкынын 1,7 миллиону камалып, алардын миллионго чукулу атууга кеткен. Советтер Союзунун курамындагы 11 республиканын жашоочулары байырлаган жеринен зордоп көчүрүлүп, ушундай эле кысымга 48 улуттун өкүлдөрү жарым-жартылай кабылган.(RK)