Meta жана TikTok ХАМАС боюнча жалган маалыматтарга жооп берүүгө милдеттендирилди

Иллюстрациялык сүрөт

Европа Биримдиги Meta жана TikTok компанияларына социалдык түйүндөрүндө ХАМАСка байланыштуу тарап жаткан жалган маалыматтар боюнча жооп берүүнү талап кылганын, буга бир апталык убакыт бергенин 19-октябрда Би-Би-Си жазды.

Анда айтылгандай, Израил менен ХАМАСтын ортосундагы согуш тууралуу алардын платформаларында жайылып жаткан жалган маалымат жана ага бөгөт коюуга көрүлүп жаткан чаралар боюнча маалымат берүү талабы коюлду.

Соңку кезде социалдык түйүндөрдө бул согуш тууралуу жалган маалымат, фейк фото жана видео өтө көп тарап, кооптонууну жаратып жатканы, 24 саат ичинде маалымат берүү талабы коюлган каттар буга чейин Евробиримдик комиссары Тьерри Бретондун атынан Meta, TikTok, X жана Google компанияларына жөнөтүлгөнү маалымдалды.

Бирок ал каттар, Би-Би-Си жазгандай, расмий макамга ээ эмес болчу жана Евробиримдиктин Интернетте кандай контентке уруксат бар экени тууралуу технология жаатындагы жаңы мыйзамдарына ылайык милдеттендирүүчү күчү жок эле.

Эми, санарип кызматтар жөнүндөгү мыйзамдын (DSA) талабы боюнча, алар коюлган мөөнөт ичинде жооп берүүгө милдеттүү.

Европа Биримдиги Израилдеги жана Газадагы соңку окуяларга байланыштуу күч колдонууга, зомбулукка, террорчулукка үндөгөн маалыматтар социалдык түйүндөрдө тарап жатканына кооптонуусун билдирүүдө. (RK)