Ысык-Көлдө дарыгерлердин жетишсиздиги күч алды

Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көл облусунда жалпы 176 дарыгердин орду бош турат. Айрыкча дарыгерлердин жетишсиздиги Каракол шаарындагы төрөт үйүндө маселе жаратууда. Бул тууралуу облустук оорукананын директору Чыңгыз Урманбетов "Азаттыкка" билдирди.

"Мисалы төрөт үйүндө жалпы 22 дарыгер иштеши керек болсо, азыр болгону сегиз адам иштеп жатат. Шаардык төрөт үйгө Түп, Ак-Суу райондорунан Жети-Өгүз айылдарынан кош бойлуу келиндер келет. Себеби ал жактарда ооруканада дарыгер жок. Биз министр Алымкадыр Бейшеналиевге кат менен кайрылганбыз. Азыр бизге Бишкектеги төрөт үйлөрүнөн эки аптада бир вахталык негизде эки гинеколог, бир ревматолог келип иштеп жатат", - деди Урманбетов.

Облустагы ооруканаларга учурда рениматолог, терапевт жана үй-бүлөлүк дарыгер жетишпей турат.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында өлкө боюнча 1700 дарыгер жетишпейт. Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда мамлекеттик медициналык мекемелерде иштеген жогорку билимдүү медициналык адистердин жалпы саны 13 миңдин тегерегинде. (AKa)

Дагы караңыз

"Айлык тамак-аштан ашпайт". Дарыгер менен мугалимди түйшөлткөн эмгек акы“Кулактын баласы". Сүргүндө балалыгы калган Асанкан ЖумакматовОрусия: Бастрыкин Украинадагы согушка баруудан баш тарткандарды жарандыктан ажыратууну сунуш кылдыБайден америкалыктарды Украина менен Израилди колдоого чакырды