Ысык-Көлдө "Зомбулукка жол жок" деген аталышта форум-театр өттү

Зомбулукка каршы акциялардын бири. Бишкек. 8-март, 2023-жыл.

Үй-бүлөдөгү зомбулукка жана балдар арасындагы укук бузууларга каршы өткөн форум-театр 9-октябрда башталып, 18-октябрда жыйынтыкталды. Иш-чара Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) демилгеси менен өткөрүлдү.

"Зомбулукка жол жок" форум-театрына окуучулар менен милиция кызматкерлеринен тышкары жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, социалдык кызматкерлер, мугалимдер жана ата-энелер да катышты.

Окуучулар үй-бүлөдөгү зомбулук жана балдар арасындагы укук бузуулар маселесин чагылдырган спектаклдерди, инценировкаларды коюшту. Жыйынтыгында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ата-энелер жана балдар менен ачык диалог жүргүзүп, үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу, балдар арасындагы укук бузууларды токтотуу боюнча пикирлерин ортого сала алышты.

"Зомбулукка жол жок" форум-театрынын алкагында он күндө 16 иш-чара өткөрүлүп, ага 2150 ата-эне жана 3150 окуучу катышты.

Мектеп окуучуларынын үй-бүлөлүк зомбулук жана кыздардын укугуна арналган жөө жүрүшү 18-октябрда Таласта да өттү.(ZKo/AKa)

Дагы караңыз

Украинада орус аскерлеринин аткылоосунан беш киши каза таптыТашиев кылмыштуулукту колдогондор да жазаланарын айтты"Кумтөрдүн" 30 жылдыгына карата бир катар мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылдыЕгипет Газага гуманитардык жардам жеткирүү үчүн коридор ачыларын жарыялады