5-6 жыл мурда сатылган мүлкүнө киреше салыгын төлөө талабы азыр коюлуп жаткан жарандар көйгөйү бүгүн 19-октябрда Жогорку Кеңеште көтөрүлдү. Депутат Улугбек Ормонов бул боюнча эл арасында нааразылык болуп жатканын айтты:
«Албетте, мыйзамды бардыгы аткарышы керек, бирок бул жерде жалгыз эле ошол кишилердин күнөөсү эмес. Салык кызматынын да күнөөсү бар, убагында салыктарды чогултпаган. Беш жыл мурун саткан үйүнө же транспортуна кагаз келип, 10% киреше салыгын айыппул, үстөгү менен кошо төлө деп жатышыптыр. Ушул маселеге өкмөт көңүл бурса. Былтыркы-быйылкы болсо, маселе жок, колуна кагаз тиери менен төлөшү керек. Бирок мындан 5-6 жыл мурун сатылган мүлк боюнча маселе бар. Министрлер кабинети бир чечимин чыгарбаса болбойт”.
Былтыр Салык кызматына жарандардын үй-жай жана унаа сатуу-сатып алуусу тууралуу расмий маалымат сакталган “Кадастр” жана “Унаа” мамлекеттик ишканаларынын каттоо материалдарын көрүп туруу укугу берилген. (RK)