Кыргыз-кытай маданий борборлору маселеси парламентте суроо жаратты

Кытайда кыргыз, ал эми Кыргызстанда кытай маданий борборун ачуу боюнча мыйзам долбоору бүгүн 18-октябрда Жогорку Кеңеште суроо жаратты. Депутат Гуля Кожокулова Бээжинде кыргыз маданий борборун ачууга эмне үчүн жеке жактардын демөөрчүлүк жардамы тартылып жатканына кызыкты:

“Өкмөт аралык келишимге кол коюлуп, баары мамлекеттик деңгээлде жасалып жатыптыр. А маданий борборду ачууга жеке жак тартылып жатканын кандай түшүнсөк болот? Себеби биз аталган келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзамдын долбоорун талкуулап жатабыз да”.

Кожокулова маданият министрлигинин өкүлүнөн мамлекетке караштуу маданий борборду ачууга сырттан демөөрчү тартуу тууралуу норма кайсы мыйзамда жазылганы жөнүндөгү суроосуна так жооп ала албаганын айтты.

Депутат Мирлан Самыйкожо да бул суроо жоопсуз болуп жатканын белгилеп, маданий алака курууда улуттук кызыкчылыктарды да унутпоо керектигин белгиледи:

“Биз маданий алакабызды Борбор Азиядагы, тектеш тилдеги элдерибизге кеңири жайылтып албайлыбы, ошолор менен кеңири иштешпейлиби биринчи. Мен көп нерсени тереңирээк айткым келбей жатат, сиздер түшүнүп жатасыздар болуш керек. Маданият биздин өзөгүбүз. Биз маданиятыбызды чапырышты кылып алсак, ар кандай нерсеге буруп алсак, чоң маселелер болуп кетет”.

Депутаттарды аталган мыйзам долбоору менен тааныштаруу үчүн барган маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова азыркы учурда маданий борборлор чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык мекемелерде иштеп жатканын, алар Кыргызстандын өнүккөн өлкөлөр арасында кеңири таанылышына өбөлгө түзөрүн айтты:

“Бул мыйзам долбоорун кабыл алуу республикалык бюджеттен каржылык чыгымга алып келбейт. Бээжиндеги кыргыз маданий борборун ишке ашыруу баштапкы этапта демөөрчүлүк каражаттар чегинде жүргүзүлөт. Бишкектеги кытайлык маданий борборду Кытай өкмөтү каржылайт”.

Ал эми тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев демөөрчүлүк жардам дегенден чочулоого негиз жоктугун билдирди:

“Эки тараптын макулдугу керек. Кытай тарап ошондой суранды – маданий борборлорду келишим аркылуу ачалы деп. Демөөрчүлүк дегенде мыйзам бузуу жок. Бээжинде жакын арада жаңы элчилик имараты курулат, ошонун бир кабаты маданий борборго берилет, ага чейин демөөрчүлүк негизде иштеп турат”.

Кыргыз жана Кытай өкмөттөрүнүн ортосундагы “Маданий борборлорду өз ара түзүү жөнүндө макулдашууга” быйыл 18-майда президент Садыр Жапаровдун Кытайдын Сиан шаарындагы иш сапары учурунда кол коюлган.

Бүгүн аталган макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш дароо үч окууда катары менен добуш берип, колдоду.

Маданий борборлордун ачылышына байланыштуу кезектеги документке кытай тарап менен 25-26-октябрь күндөрү Бишкекте ШКУ саммити алкагында кол коюлары маалымдалды. (RK)