Депутат Сох аркылуу каттагандар арызданып жатышканын айтты

Кыргызстандын аймагындагы Сох анклавы. Архив.

Өзбекстандын Кыргызстандын аймагындагы Сох анклавы аркылуу каттаган кыргыз жарандарынан арыз-даттануу болуп жатканын бүгүн 18-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Султанбай Айжигитов билдирди.

Анын айтымында, коңшу өлкөнүн чек арачылары кыргызстандык жүргүнчүлөр арасындагы кары-картаңдарды, кичине балдарды жана “Тез жардамда” бараткан бейтаптарды да машинадан түшүрүп, жарым саатка чейин текшерип жатышат:

“Ошол жерде азыр өзбек чек арачылары биздин ичибизде анклав болуп туруп биздин жарандар өткөндө аябай көп кыйынчылык пайда кылып жатышат. Өзбекстан менен чек ара аябай жакшы чечилип жатканда бул эмне деген мамиле? Ошондуктан протоколдук тапшырма берип, көңүл буруп койсоңуздар”

Сох тарапта ондон ашык кыргыз айылы бар. Алар бири-бирине ошол анклав аркылуу өтүшөт.

Кыргызстан менен Өзбекстан ортосунда 30 жылдан бери чечилбей келген маселелер азыр чечилип жатканын быйыл 13-октябрда өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Бишкекке Көз каранды эмес мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) саммитине келип, кыргыз президенти Садыр Жапаров менен жолукканда айткан.

Ортодогу чек ара боюнча делимитация жана демаркация процесси жыйынтыкталганын президент Садыр Жапаров Мирзиёев быйыл 27-январда Бишкекке мамлекеттик сапар менен келип кеткенде айткан. Ал бул күндү тарыхый күн деп атап, чек ара маселесине чекит коюлганын билдирген. (RK)