Жогорку Кеңеште палестин элине жардам жөнөтүү демилгеси көтөрүлдү

Газа сектору.

Палестинага гуманитардык жардам жөнөтүү демилгеси бүгүн 18-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында көтөрүлдү. Депутат Жалолидин Нурбаев шайлоочулардан кайрылуулар түшүп жатканын айтты:

“Бизге “ушул өлкөгө кандай жардам берсек болот” деген көп кайрылуу түшүп жатат. Менин сунушум, Тышкы иштер министрлигинде эсеп ачылса Кыргызстандын бардык элинин атынан Палестинада кыйналып жаткан боордош туугандарыбызга жардам катары. Кээ бирлеринин акчалай жардам беребиз деген ниети бар, бирок кайсы жол менен беришти билбей жатышат”.

Нурбаевди депутаттар Жаныбек Кыдыкбаев жана Айбек Осмонов да колдоп, гуманитардык коридор түзүүгө көмөктөшүү, дары-дармек жөнөтүү, депутаттардын бир күндүк айлык маянасын чогултуп жөнөтүү тууралуу сунуштарын айтышты.

Төрага Нурланбек Шакиев “Палестинадагы боордошторубузга гуманитардык жардам беришибиз керек” деп, депутаттардын демилгесин толук колдой турганын айтты:

“Туура деп эсептейбиз. Анткени ал жерде адам өмүрү кыйылып, согуш болуп жатат. Биз, кыргыз өлкөсү, согушту каалабаган, тынчтыкты сүйгөн элбиз. Андыктан согуштун токтошун, бардык маселе дипломатия жана сүйлөшүү негизинде чечилишин биз да талап кылабыз”.

7-октябрда ХАМАС тобу Израилге чек арадан өтүп барып кол салганда өлгөн израилдиктер 1300дөн ашты. Буга жооп катары израилдик аскерлер Газа секторуна чабуул баштаган, ал жакта, Палестин тараптын маалыматы боюнча, каза болгондор 3000ге жетти.

Кыргызстан Жакынкы Чыгыштагы бул кырдаал боюнча позициясын расмий билдире элек. (RK)