"Чет элдик өкүл": Ар бир жаранга кооптуу мыйзам

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

17-октябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинде “Чет элдик өкүл” деп аталган талаштуу мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өттү. Бириккен Улуттар Уюму баштаган бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар Кыргызстандын бийлигин бул долбоорду кабыл албоого чакырууда. "Азаттыктын" студиясында "Интербилим" укук коргоо уюмунун Оштогу жетекчиси Гүлгаакы Мамасалиева, "Лейлек-Инсан" коомдук фондунун төрайымы Гүлнара Дербишева жана жарандык активист Төштүк Алмазбек уулу.