Навальныйдын төртүнчү адвокаты Орусиядан чыгып кетти

Орусиядагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный жана анын адвокаттары соттоү 4-август, 2023-жыл. Москва.

Орусияда түрмөдө отурган оппозициячыл активист Алексей Навальныйдын адвокаттарынын бири Александр Федулов өлкөдөн чыгып кетти. Бул тууралуу ал Инстаграм аркылуу 16-октябрдын кечинде билдирди.

"Кырдаал кызыктай болуп калды. Навальныйды коргогон кесиптештерибиздин камалышы эркиндиктеги адвокаттардын ишине олуттуу өзгөрүүлөрдү киргизди. Мына ушундан улам Орусиядан чыгып кетүүгө аргасыздык жаралды", - деп жазды ал.

13-октябрда Навальныйдын үч адвокаты - Вадим Кобзев, Алексей Липцер жана Игорь Сергунин эки айга камакка алынган. Алар "экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүнө катышкан" деп айыпталууда.

"Экстремисттик ишмердүүлүк жүргүзгөн уюмдун ишине аралашуу" беренеси менен адвокаттар 12 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Быйыл августта Москва шаардык соту Навальныйды "экстремисттик уюм түзүүгө, аны каржылоого" күнөөлүү деп таап, 19 жылга эркинен ажыраткан.

Навальный ага тагылган айыпты мойнуна алган эмес. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү укук коргоо уюмдары аны саясий туткун катары тааныган.

47 жаштагы Навальный 2021-жылдын башында Орусияга Германиядан дарылануудан кайтып келатканда кармалган. Бир нече кылмыш иши козголуп, соттолгон.

Дагы караңыз

Spiegel: Израилдин жердеги операциясы Байдендин сапарынан улам жылды Пенсионер аял үй камагына чыкты, жалгыз бой келин камалды Астана ХАМАСтын чабуулдарын айыптап, Израилди Газада ашыкча күч колдонуудан карманууга чакырды