Израил-Палестин жаңжалынын татаал таржымалы

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Израил-Палестин жаңжалынын татаал жана терең таржымалы Израиль мамлекети пайда болгон 1948-жылга чейинки доорго - Осмон империясына, британ оторчулугуна барып такалат. Израилдиктер да, палестиналыктар да Иордан дарыясы менен Жер ортолук деңиз ортосундагы аймакты өзүнүкү деп эсептейт. Акыркы 75 жыл согуш, козголоң, айрым учурларда мунаса табуу үмүтү менен коштолуп келди.