УКМК абактагы экс-министр Кутманованын уулу Түркиядан экстрадицияланганын билдирди

УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети коррупцияга шек саналып кармалган мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманованын уулу Кемелбек Кутманов Түркиядан Кыргызстанга алып келингенин 17-октябрда билдирди.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө Кутманов кылмыш жоопкерчилигинен качуу үчүн 29-майда Казакстанга чыгып, кийин Москвада жүргөнү, 19-июндан тарта Түркиянын Стамбул шаарында жашап жатканы аныкталган. “Интерпол” аркылуу издөө жарыяланган соң Кутманов кармалып, Стамбулдагы атайын миграциялык лагерге жайгаштырылган.

Мекеменин маалыматына ылайык, тергөөнүн жүрүшүндө Кутманов Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен “Жаратылышты өнүктүрүү фондунун” ишине кийлигишип, андагы долбоорду каржылоонун 10% өзүнө алып турганы далилденгени айтылат.

Ошондой эле көрсөтмөлөрдүн негизинде Кутманов чарба жүргүзүүчү беш субъектиден 17 миллион сомдон ашык суммада кенемте алганы, “Жашыл Мурас” фонду боюнча да 7 млн 560 миң сом алганы аныкталганы жазылган.

Ал ошондой эле “Кумтөр” ишканасынан түшкөн каражаттарды бөлүштүрүүдө фонддун ишмердигин көзөмөлдөгөнү, досторун Жаратылыш ресурстары министрлигинин жогору кызматтарына дайындоого катышканы айтылат.

Ички иштер министрлиги экс-министрдин уулуна 27-июнда эл аралык издөө жарыяланганын, түрк миграция кызматы аны 11-июлда кармаганын билдирген.

Анын алдында мурдагы министр Динара Кутманова уулун Түркиядан белгисиз бирөөлөр кармап кетип, “Кыргызстандагы айрым адамдардын буюртмасы менен” деп алгач 2 миллион доллар талап кылып, кийин 600 миң долларга түшүрүп коё беришкенин, аны ким уурдап, ким буюртма бергенин аныктоо өтүнүчү менен ИИМге да, УКМКга да кайрылып, бирок жооп албаганын билдирген. ИИМ кийин Кутмановдун уурдалганы боюнча маалыматты четке каккан.

25-июлда УКМК мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова коррупцияга шектелип кармалганын билдирген. Мекеме жалпысынан Жаратылышты өнүктүрүү фондунун кызматкерлери аралашкан кылмыш ишинин алкагында тогуз адамга айып тагылганын тактаган.

Дагы караңыз

Ленин райондук сотунун судьясы пара алууга шек саналып, камакка алындыУкраин армиясы Орусиянын аскердик тик учактарын жок кылганын билдирди«Чет өлкөлүк өкүл» мыйзамы үчүн Евробиримдик Кыргызстанды ВСП+ макамынан ажыратышы мүмкүн экени айтылдыКөкбөрү федерациясына жаңы президент шайланды