НАТО жана Еврошаркеттин мүчөсү Латвия Орусия жактагы эки чек ара өткөөлүн убактылуу жапты. Ички иштер министрлиги бул кадам орус бийлигинин украин жарандарына Орусияга Москвадагы аэропорттон гана кирүүгө болот деген чечимине жана Латвия жактагы бир чек ара пунктун жапканына жооп иретинде жасалганын билдирди.
Педедзе жана Виентули текшерүү пункттары “ийгиликтүү жабылганын” Латвиянын ички иштер министри Рихардс Козловскис дүйшөмбүдө жергиликтүү медиага кабарлады. Эки жерде тең бетон блоктор менен тикенек зым тосмолор орнотулду. Ушу тапта эки өлкө ортосунда эки өткөөл иштеп жатат.
Өткөн жумада Орусия украин жарандары Шереметьево аэропортунан жана Латвиянын Виентули өткөөлүнөн гана кире алат деп жарыялаган.
Расмий Рига Москва Европа биримдигин бөлүп жарууну жана чек арада чыңалууну жаратууну көздөйт деп сындады.
Өткөн айда Латвиянын президенти гибрид чабуулдар уланса, Орусия жана Беларус жактагы чек араларын жабууга даяр экенин билдирген.
Дагы караңыз
Атайын операция: Көлбаевдин өлтүрүлүшүн Аскер прокуратурасы иликтейт Газада абал оор. Израил аскердик операцияны баштай элек Кепедеги кыргыз фирма чех товарын Орусияга кантип жөнөткөн?Талаштуу ЖМК мыйзамы кайрадан талкууда