Аймакта 150 гектарга чукул жайыттын кунары кетип, такырайып калган. Ушул тапта 20 гектар жерди калыбына келтирүү жумуштары башталды. Соңку жылдардагы климаттык өзгөрүүлөрдү фермер-дыйкандар, кургакчылык, суу тартыштыгы, жайыттардын такырайышы, тоют тартыштыгы сыяктуу көйгөйлөр аркылуу сезүүдө.
Аксы: такырланган жайытка кам көргөн айылдыктар
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Аксынын Кашка-Суу аймагынынын жергиликтүү бийлиги такырланган жайыттарды калыбына келтирүүгө умтулууда. Алар бейөкмөт уюмдарга долбоор жазып, тоют чөптүн уруктарын жана айдоо аянттарды тосмологонго керектүү материалдарды сатып алышты.