Алматыдагы консулдук: 15 жыл дайынсыз жүргөн жубайлар Кыргызстанга жөнөтүлөт

15 жыл дайыны чыкпай келген Кыргызстандын жараны Бакыт Рыскелдиев Казакстандын айылдарында бирөөнүн малын багып, жан багып келген.

Кыргызстандын Алматы шаарындагы консулдугу 15 жылдан бери Казакстанда дайынсыз жүргөн Бакыт Рыскелдиев менен анын жубайы Элмира Токтосунованы Кыргызстанга жөнөтүү маселеси каралып жатканын билдирди. Башкы консул Назарали Арипов 16-октябрда “Азаттыкка” билдиргендей, учурда алар Алматы шаарында.

“Азыр алар бул жакка келишти. Биз керектүү маалыматтарды алуу үчүн Чолпон-Ата шаарындагы калкты тейлөө борборуна өтүнүч жибердик. Жообу келери менен документ маселеси чечилип, Кыргызстанга кетишет”, - деди Арипов.

Буга чейин “Азаттыкка” 15 жылдан бери дайынсыз болуп келген жубайлар Казакстандын Жамбыл облусунда табылганы тууралуу макала жарыяланган. Анда алар казак айылдарынын биринде бирөөнүн малын багып, короо-жайын карап жүргөнү, үч жолу казак полициясына кайрылып жардам сураганынан майнап чыкпаганы айтылат. Алардын жакындары кыргыз бийлигине кайрылып, жубайлардын паспортторун калыбына келтирип, мекенине алып келүүгө жардам сураган.

Азыр Казакстандын аймагында расмий эсеп боюнча 35 миңден ашык кыргызстандык жашап, иштейт. Бейрасмий эсепте алда канча көп болушу ыктымал.

Дагы караңыз

Казакстан үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандар үчүн ишеним телефонун ачтыБаткен: мекеме аралык комиссия жапкан 32 мечиттин бири кайра ачылдыОрусия Украинага ракета менен дрондордон сокку урдуУлуттук курама команда Азиянын паралимпиада оюндарына катышат